АКШнын Калифорния штатында өзгөчө кырдаалдын жарыяланышына жана токой өрттөрү боюнча кырдаалдын курчушуна байланыштуу Кыргызстандын Чикагодогу Башкы консулдугу бул аймакта жайгашкан Кыргызстандын жарандары менен байланышта. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады.
"Учурда Лос-Анжелес аймагындагы токой өртүнүн кесепетинен жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары аныктала элек.
Тышкы иштер министрлиги Калифорнияда жүргөн жарандарга күчөтүлгөн коопсуздук чараларын сактоону, кыраакылыкты сактоону жана өрт чыккан аймактарга баруудан баш тартууну сунуштайт", - деп билдиришти министрликтен.
Белгилей кетсек, 7-январь күнү Калифорниянын түштүк бөлүгүндө токой өрттөрү жайылган. Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча, Лос-Анжелестеги өрттүн аянты 11 миң гектарга жетти. Өрттөлгөн турак жайлардын да аянты эбегейсиз. Бул арада өзгөчө кырдаал жарыялаган АКШ президенти Жо Байден кырсыкка каршы күрөшүү режимин киргизген.