Мамлекетке өткөн "Айдан Фарма" заводу дары-дармектердин беш түрүн чыгара баштады (сүрөттөр)

Бүгүн, 10-январда Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дары-дармектердин алгачкы беш түрүн чыгаруу ишке киргизилип жаткан ЖАК «Айдан Фарма» фармацевтикалык заводуна барды. Бул туурасында мекемеден билдирди.

Маалымдалгандай, өндүрүштүк линияга суспензия жана таблетка түрүндө парацетамол, суспензия түрүндө ибупрофен, таблетка түрүндө ацетилсалицил кислотасы жана ацикловир чыга баштаган.

Белгиленгендей, заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө көрсөтүлгөн дарылардын ар биринен 10 миң кутуга чейин чыгарууга мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, 2-декабрда аталган завод мамлекеттик менчикке өткөнү маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан