Кызыл-Кыяда мечитке ташталган ымыркай: Милиция 16 жаштагы кызды кармады

Кызыл-Кыя шаарында мечитке ымыркайын таштап кеткен делип 16 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Баткен РИИБи билдирди.

Белгилей өтсөк, ушул жылдын 3-январында шаардагы мечиттердин биринде ымыркай табылганы кабарланган. Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган.

Милиция 10-январда шектүү катары Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын 16 жаштагы тургуну аныкталып, кармалганын билдирди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан