Дагы бир өлкө Трамп менен Путиндин жолугушуусун өткөрүүгө даяр экенин жарыялады

Швейцария АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп менен Орусиянын лидери Владимир Путиндин жолугушуусун өткөрүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Швейцариянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Николас Бидотко жолугушууну уюштуруу үчүн демилге көтөрүүгө ниеттери жок экенин билдирип, бирок өздөрү суранса гана уюштуруп бере тургандыктарын айткан.

Ал эми Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолц учурда Дональд Трамп менен Владимир Путиндин жолугушуусу үчүн даярдыктар башталганын билдирди.

Анын айтымына караганда, эки лидер телефон аркылуу “жакынкы күндөрү же жакынкы апталарда” сүйлөшөт. Ал эми учурда жолугушуунун так күнү жана форматы тактала элек.

Кошумчалай кетсек, шайланган америкалык лидер 20-январдагы инаугурациясынан кийин бардык жолугушууларды өткөрүүнү пландап жатканын айткан.

Белгилей кетсек, буга чейин Трамп Путин менен менен жолугушууга даярданып жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан