Атактуу орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов АКШда учакта болгон окуя боюнча үн катты. Ал окуя тууралуу пикирин Instagram социалдык тармагындагы расмий баракчасына жазды.
"Биринчиден, бул Alaska Airline эмес, Frontier Airlines авиакомпаниясы экенин тактагым келет. Мага суроолор менен кайрылган аял башынан эле орой мамиле жасады. Мен англисче жакшы сүйлөп, баарын түшүнүп жатсам дагы, ал мени ордумдан алуу аракетин жасады. Мунун себеби эмне экенин так айта албайм", - деп жазды мушкер.
Анын айтымында, бир аз сүйлөшүүдөн кийин стюардесса коопсуздук кызматына телефон чалып, аны учактан түшүрүшкөн. 1 жарым сааттан кийин ал башка учакка отуруп, көздөгөн жерине жеткен.
"Мен сабырдуулукту сактап, провокацияга алдырбоо үчүн колдон келгендин баарын жасадым", - деп түшүндүрдү Нурмагомедов.
Эске сала кетсек, UFC уюмунун жеңил салмактагы мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов АКШда учактан чыгарылган. Буга стюардесса менен болгон чыр себеп болгон.
Видеого караганда, байлыгы 40 миллион долларга бааланган ММА жылдызы эконом-класста билет алган.