Хабиб Нурмагомедовду АКШда учактан түшүрүп салышты (видео)

Орусиянын эң атактуу спортчуларынын бири Хабиб Нурмагомедов стюардесса менен болгон чырдан улам American Airlines авиакомпаниясынын учагынан чыгарылды. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.

Чыр-чатак стюардесса авариялык эшикте отурган Нурмагомедовдон "кырсык болгондо жүргүнчүлөргө жардам берүүгө даярсызбы?" деп сураганда башталган. Стюардесса мушкерди англис тилин анча билбейт деп эсептеп, башка орунга отурууну сунуштаган. Бирок мушкер андан баш тарткан.

Жыйынтыгында ортодо түшүнбөстүк жаралып, стюардесса супервайзерди чакырган. Ал келип, Хабиб Нурмагомедовду учактан чыгарган.

Хабиб Нурмагомедов АКШда учактан чыгарылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан