Өзбекстандык кримавторитет Салимбай байбача камактан чыкты

Өзбекстандык кримтөбөл, Салимбай байбача деген лакап ат менен белгилүү болгон Салим Абдувалиев камактан чыкканын өзбек басылмалары жазууда.

Маалыматтарга караганда, ал ден соолугуна байланыштуу абактан бошотулган.

Айта кетсек, 74 жаштагы Абдувалиев 2023-жылдын декабрында кармалып, былтыр март айында 6 жылга кесилген. Ал коңшу өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексинин 248-беренесинин 2-бөлүгү (Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, ок атуучу куралдардын негизги бөлүктөрүн, жардыргыч заттарды же жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча күнөөлүү деп табылган.

Белгилей кетсек, былтыр август айында УКМК ага маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылап келген деген негизде эл аралык издөө жарыялаган. Мындан тышкары УКМК тарабынан бир катар жарандар, спорт адамы, аткаминерлер, анын ичинде парламент депутаты Салимбай байбача менен байланышы бар делип суракка алынган.

Былтыр жыл башында Жогорку Кеңештин жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ошол кездеги депутат Эмил Жамгырчиев Салим Абдувалиевге өз колу менен кат жазганын айтып, катты окуп берген. Ташиевдин айтымында, ал Абдувалиевден жардам сураган. Бул иш Жамгырчиевдин мандатынан ажырашына себеп болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан