Бишкек шаарынын Т.Үмөталиев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
ӨКМге кабар бүгүн, 14-январда түшүп, жерине 2 күжүрмөн эсеп жөнөтүлгөн. Кошумча күч саат 9:35те тартылган. Учурда жеринде 3 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты жана штаб иштеп жатат.
ӨКМ кошумча маалымат берилерин кошумчалады.