
Жогорку Кеңештин депутаты
Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 14-январда парламенттин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында энергетика министри
Таалайбек Ибраевден башка өлкөлөрдө электр энергиясы канча турарын сурады.
“Кыргызстанда учурда калк электр энергиясын 1 сом 11 тыйындан сатып алса, Өзбекстанда 2 сом 60 тыйын, Украинада 3 сом 90 тыйын, Азербайжанда 4 сом 70 тыйын, Казакстанда 4 сом 90 тыйын. Орусияда 6 сом 60 тыйын”, - деп жооп берди ага Ибраев.
Министрдин жообун уккан эл өкүлү "бизде электр энергиясы бекер турбайбы" деген пикирин айтты.
Ошондой эле Ибраев өлкөдө электр энергиянын баасы май айынан тарта 26 тыйынга кымбаттап, 1 сом 37 тыйынды түзөрүн айтып, мындан ары инфляциянын көрсөткүчүнө жараша жыл сайын 1-майдан тарта электр жарыгынын баасы көтөрүлүп турарын
кошумчалады.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда ушул тапта 1 кВт саат электр энергиясы 1 сом 11 тыйын. 700 кВт сааттан ашык пайдаланган абоненттер 2 сом 39 тыйын төлөйт.