Актёр Азамат Уланов менен жубайы гендер-пати өткөрдү (видео)

Бир нече кинолордо башкы ролдорду жараткан актёр, вайнер Азамат Уланов менен анын жубайы Малика жакында ата-эне статусуна ээ болушат. Бул тууралуу актёр мырза Инстаграм баракчасына видео жүктөп сүйүнчүлөдү.

Анда жубайлар гендер-пати уюштурушуп, күтүп жаткан наристеси уул экенин билишкен.

"Буюрса, ата болом. Бардыгы Жараткандын каалоосу менен. Үйлөнүү тоюнан кийин, бал айына Мекке шаарына барып, ал жактан сүйүктүү жубайымдын кош бойлуу экенин билдим. Кудайым баарыбызга ушундай сезимди насип кылсын", - деп билдирүү калтырган Азамат Уланов.

Белгилей кетсек, жаш түгөйлөрдүн үйлөнүү үлпөт тою өткөн жылдын октябрь айында Бишкектеги тойканалардын биринде өткөн.

Актёр Азамат Уланов жакында ата статусуна ээ болот
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан