Мамлекеттик курулуш агенттигинин алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаменти бардык экспертиза арыздарын кагаз түрүндө кабыл алууну токтотту. Бул тууралуу Мамкурулуштун директору Нурдан Орунтаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Айтымында, мындай иштер мекемедеги коррупциялык элементтерге жол бербөө жана санариптештирүү максатында жүргүзүлүп жатат.
"2025-жылдын 15-январынан тартып Мамкурулуштун алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаменти бардык экспертизалык арыздарды кагаз түрүндө кабыл алууну токтотту жана эми мындан ары электрондук форматта атайын сайт аркылуу гана кабыл алынарын эскертебиз. Бул иш-чара Мамкурулуштагы коррупциялык элементтерди жок кылуу жана санариптештирүү максатында жасалып жаткан жумуш", - деп жазды ал.
Буга чейин жарандар турак жай сатып аларда курулуштун мыйзамдуулугун QR-код аркылуу текшерсе болору кабарланган.