Бишкек мэриясы Жогорку Кеңештин депутатын коомчулукту адаштырбоого чакырды

Бишкек шаарынын мэриясы Жогорку Кеңештин депутатын коомчулукту адаштырып, муниципалдык кызматтарды каралабоого чакырат. Мындай билдирүүнү мекеменин басма сөз кызматы таратты. Бирок анда кеп кайсы депутат тууралуу экени так айтылган эмес.

Маалыматта, учурда 800 миңдей шаар тургундары коммуналдык кызматтар үчүн мэрияга төлөм жасары, бирок Бишкекте болжол менен 1,5 миллион адам жашаары белгиленген. Ошондой эле коммуналдык кызматтар азыр бир квитанцияга бириктирилгени, бул иштин жүрүшүндө жаңы абоненттер табылганы айтылат.

Буга чейин Спутник маалымат агенттиги вице-мэр Рамиз Алиев төлөм эсептелген маалда беш уюмдун ("Бишкек жылуулук энерго", "Бишкек жылуулук түйүнү", "Шаардык лифт", "Бишкек суу канал", "Тазалык") маалыматы салыштырылганын айтканын жазган.

"Мисалы, "Тазалыктагы" маалымат боюнча үйдө үч адам жашаса, "Бишкек суу канал" боюнча ошол эле үйдө беш адам жашаганын көрдүк. Эки жакта тең жашаган адамдардын саны боюнча акт бар. Биз адамдын саны көп болгон маалыматка таянып, коммуналдык кызматтардын акысы ошого карата эсептелет деген чечимге келдик", - деген Алиев.

Мындан сырткары вице-мэр учурда квитанцияларда алешемдик бар экенин моюндап, бирок бул бирдиктүү квитанция жасалганынан улам чыкканын айткан.
"Кимде ушундай жаңылыштык чыкса квартал башчысынан канча адам жашай тургандыгы тууралуу акт алып келсин, кайра эсептеп беребиз. Бул акт менен беш уюмдун каалаганына кайрылса болот, ал жактан башкаларына маалымат берилет", - деген ал.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин кечээ, 15-январдагы жыйынында депутат Бакытбек Марипов Бишкектин айрым тургундары жылуулук үчүн айына 28 миң сомго чейин төлөп жатканын айтып, тарифтерди кайра карап чыгууну сунуш кылган. Эл өкүлү бул маселе боюнча шаар тургундарынан кайрылуулар келип жатканын белгилеген.

Ага утурлай эле депутат Дастан Бекешев айрым муниципалдык кызматтар үчүн төлөмдөр туура эмес эсептелип жатканын айтып, кайра эсептеп чыгуу керектигин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан