Бүгүн, 15-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакытбек Марипов Бишкек шаарынын жылуулук энергиясына болгон тарифти кайра карап чыгууну сунуш кылды.
Ал бул маселе боюнча шаар тургундарынан кайрылуулар келип жатканын айтты.
"Жылуулук маселеси күндүн суугунда эң орчундуу болуп турат. 100 чарчы метрден ашкан үйлөргө бүгүнкү күндө 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин чыгып жатыптыр. Мына "80 чарчы метрге чейинки батирлерге тариф 1 гигакалория (Гкал) үчүн 1560 сом болсо, 80 чарчы метрден ашкандарга 6000 сомдон эсептелип жатат" дешүүдө. Мына кээ бир батирлерге декабрь айында 28 миң сом чыгыптыр. Ушул боюнча чара көрсөңүздөр", - деди Марипов.