Вице-спикер Түркиянын элчисине “Түрк аба жолдорунун" учактарында кыргыз тилин да колдонуу талабын айтты

Бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Түркия Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган менен “Маариф” эл аралык фондунун өкүлдөрүн кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы алакаларды арттыруу, анын ичинен билим берүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Азыгалиев “Түрк аба жолдору” авиакомпаниясына таандык учактардын Кыргызстан менен байланыштырган каттамдарындагы тейлөөдө кыргыз тили да колдонулушу керектигин белгилеп, бул жүргүнчүлөр үчүн кошумча ыңгайлуулук жаратарын айтты.

“Себеби, Бишкекке каттаган “Түрк аба жолдору” авиакомпаниясына таандык учактарда түрк тилине кошумча башка тилдер колдонулуп, кыргыз тилдүү жүргүнчүлөр үчүн ыңгайсыздык жаралган учурлар арбын. Андыктан, аталган маселеге терең көңүл бурулуп, боордош элдердин ортосундагы каттамдарда өз эне тилдерибизге артыкчылык берилиши кажет”, – деди ал.

Өз кезегинде элчи Ахмет Садык Доган аталган маселе боюнча тийиштүү тараптар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрүн убада кылды.

Муну менен катар жолугушууда билим берүү жаатындагы кызматташтык тууралуу сөз болуп, “Маариф” фондунун башкаруусуна өткөрүлгөн “Сапат” билим берүү мекемелеринин иши тууралуу да айтылды. Төраганын орун басары аталган жаңылануу билим берүүнүн сапатына терс таасирин тийгизбеши керектигин белгиледи.

“5 жылдан бери Кыргызстанда иш жүргүзүп келе жаткан “Маариф” эл аралык фонду улуттук да, эл аралык да талаптарга жооп берген стандарттарды пайдалануу менен өздөрүнө өткөрүлүп берилген мектептердеги билим берүүнүн сапатын жогорулатууга көмөкчү болот деген ишеничтемин”, – деди Азыгалиев.

“Маариф” эл аралык фондунун өкүлдөрү болсо мектептердеги абал боюнча кеңири маалымат беришип, окуулар үзгүлтүккө учурабагандыгын, кадрларга, окуучуларга жана ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын, ошондой эле утурумдук айрым көйгөйлөрдү чечүү максатында кыска убакыт аралыгында 2,5 миллион долларлык инвестиция тартыларын маалымдашты. Буга кошумча мектептердин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, имараттарын жаңылоо жана билим берүүнүн сапатын көтөрүү максатында дагы ири каржылык колдоо көрсөтүлөрү айтылып, чет өлкөлөрдөн да мыкты агартуучулар тартылары кошумчаланды.

Белгилей кетсек, Түркиянын өкмөтүнө таандык “Маариф” эл аралык фонду дүйнөнүн 55 мамлекетинде иш жүргүзүп, жалпы 112 өлкө менен билим берүү жаатында тыгыз иш алып барып келет. Кыргызстанда аталган фонд тарабынан алгачкы мектеп 2016-жылы ачылган.

Министрлер кабинети 31-декабрда "Сапат" билим берүү мекемелеринин тармагы "Маариф" фондунун башкаруусуна өткөнүн кабарлаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан