Бишкектеги "Ынтымак ордодо" Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен “Маариф” эл аралык фондунун өкүлчүлүгүнүн директору Хүснү Биржандын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 31-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө Байсалов “Сапат” билим берүү мекемелер тармагын “Маариф” фондунун башкаруусуна өткөрүү чечимин билдирди. Бул чечим республиканын студенттеринин таламдарын жана билим берүү тармагындагы ишенимдүү өнөктөш катары фонддун татыктуу аброюн камсыз кылуу менен негизделет.
"Маариф" фонду Кыргызстандагы беш жылдык ишинин ичинде улуттук да, эл аралык да талаптарга жооп берген билим берүү стандарттарынын сапатынын эң жогорку деңгээлин көрсөттү. “Сапат” тармагын башкарууну өткөрүп берүү студенттердин жана алардын ата-энелеринин кызыкчылыктарына жооп берип, алардын билим алуу шарттарын жана ар тараптуу өнүгүү перспективаларын бир топ жакшыртарына ишенебиз. Жаңы башкарууга өтүү процесси мыйзам чегинде, эмгек жамааттарынын укуктарын коргоо жана окуу процессинин үзгүлтүксүздүгүн кепилдөө менен так жүргүзүлүшү маанилүү”, - деп белгиледи Байсалов.
Өкүлчүлүктүн директору Хүснү Биржан "Маариф" фонду жакынкы айларда Кыргызстандын билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө ири инвестицияларды тартууну көздөп жатканын ырастады. Мектептердин тармагын кеңейтүү, заманбап технологияларды жана окутуу программаларын киргизүү, ошондой эле окуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү пландаштырылууда. Бул кадамдар өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө жана билим берүү тармагындагы кыргыз-түрк кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган.
Түркиянын Маариф Фонду (Türkiye Maarif Vakfı) – 2016-жылы Түркиянын Билим берүү министрлигинин алдында түзүлгөн мамлекеттик уюм. Анын максаты – бала бакчалардан университеттерге чейин чет өлкөдөгү билим берүү мекемелерин башкаруу, ошондой эле Анадолунун жалпы баалуулуктарына жана салттарына негизделген маданий алмашууну жана сапаттуу билим берүүнү жайылтуу.
2021-жылы Бишкекте фонддун биринчи мектеби ачылган, ал 11 миң чарчы метр аянтты ээлеген кампуста жайгашкан жана 61 класска эсептелген. Бул мектепте билим берүү кыргыз, түрк жана орус тилдеринде англис тилин үйрөнүү менен Кыргызстандын жана Түркиянын мамлекеттик стандарттарына ылайык жүргүзүлөт. Табигый илимдерге, гуманитардык илимдерге, жаңы технологияларга жана маданиятка өзгөчө көңүл бурулат.