"Көчөдө калышпасын дедик". Ташиев Көлбаевдин аялына, балдарына эмне мүлктөр калганын айтты

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө бирден мүлкүн калтырганын билдирди. Ал бул тууралуу кечээ, 16-январда билим берүү тармагынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда айтты.

"Көлбаевге тиешелүүнүн баарын алдык, кичинекей дагы батирин таштабастан. Үй, бар, кафе, ресторан, баарын алдык. Бир гана анын балдары көчөдө калбасын деп тапшырма бердим. Эки кызына эки батирин кайтарып бердик. Бир уулуна батир, бирине Чолпон-Атада кичинекей үйү бар экен ошону бердик. Аялына бир батир берели десек, ал мага "ресторанды бергиле" деди. Асанбай кичи районундагы ресторан Көлбаевдики экен, ошону кайтарып берип койдук. Көчөдө калбасын деп бирден мүлк бердик", - деди Ташиев.

Ошондой эле атайын кызматтын жетекчиси Көлбаевди мамлекет үчүн жок кылуу чечимин кабыл алууга аргасыз болгонун айтты.

Эске салсак, маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Кийин ага тиешелүү байлыгы, аны менен байланышы бар адамдардын мүлкү мамлекетке алынганы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан