Кытайдын Чжухай шаарында ноябрда элди сүзүп кеткен киши өлүм жазасына тартылды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Айта кетсек, адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы 11-ноябрда катталган. Анда 35 адам каза болуп, 43 адам жаракат алган. ЖМКлар жергиликтүү полицияга шилтеме берип, 62 жаштагы Фан аттуу айдоочу жубайы менен ажырашып кеткенден кийин каргашалуу окуяга кабылганын жазышкан.