"35 адам каза болду". Кытайда жаран ажырашуудан улам унаасы менен элди сүздү (видео)

Кытайдын Чжухай шаарында 11-ноябрда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы катталган. Анда 35 адам каза болуп, 43 адам жаракат алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

ЖМКлар жергиликтүү полицияга шилтеме берип, 62 жаштагы Фан аттуу айдоочу жубайы менен ажырашып кеткенден кийин мүлктү бөлүштүрүүгө нааразы болгонун жазышууда. Ал унаасы менен спорт комплексинде машыгып жаткан элди сүзүп, андан кийин, алдын ала маалыматтар боюнча, ал өз жанын кыюуга аракет кылып, моюнуна бычак сайган. Учурда ал ооруканада.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин окуяга комментарий берди. Ал унаанын айдоочусун катуу жазага тартууну буйруган. Ал облустук бийликти трагедиядан "олуттуу сабак алууга" жана мындай окуялардын алдын алуу боюнча чараларды күчөтүүгө чакырды.

13.11.2024
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан