Үй, унаа сатып алуу, саякаттар, банкта жеке эсеп ачып акча чогултуу, жакындарга белек берүү, ден соолукка кам көрүү... Көпчүлүк жарандар ушул сыяктуу пландарды, максаттарды жыл жаңырары менен алдыга коюп, анын үстүнөн иштөөгө ашыгат. Мындай материалдык муктаждыктарды ишке ашыруу үчүн үй-бүлөлүк бюджетти пландоо же финансылык сабаттуулук абдан маанилүү. Буга байланыштуу порталыбыздын Пайдалуу кеңеш түрмөгүндө үй-бүлөлүк бюджетти пландоо тууралуу сөз кылууну туура көрдүк. Аны финансы адиси Айсулуу Алмаз айтып берет.
– "Көп айлык алган эмес, чөнтөгүн туура башкарганды билген бай болот" деген сонун сөз бар. Бул сөздүн жашоомдо орду чоң. Канча акча тапсаң да аны башкарганды билбесең финансылык планыңа, максатыңа жетүү аябай оор болот. 2025-жылды адаттагы бул жылда жасай турчу пландар менен эле эмес, айлык, жылдык бюджет жасап алып, кыялыңдагы жашоону куруп баштоо сонун демилге. Бюджет жасоо – акчаны колдонуу стилиңиздин калыптанышына чоң жардам берет.
Бюджет жасоо дегенде татаал формулаларды элестетип, мамлекетке, ири корпорацияларга гана тиешелүү деп ойлобош керек. Аны жөнөкөй дептерге да жазса болот. Мисалы, апам бир дептерге канча кирешеси, чыгышасы бар, короодогу малдын санын, алымча-кошумчаларды, аларды багууга кеткен каражаттарды жазат, аны айдын, жылдын аягында анализ жасаганга мүмкүнчүлүгү түзүлүп жатат.
Бюджет жасоонун жөнөкөй жолдорун төмөнкүдөй тепкичтерге бөлүп койдум. Алар:
Реалдуу план
– Көпчүлүк убакытта бюджет жасайбыз, акчабызды чогултабыз деген негизги идеябыз бар болуп, бирок ал үчүн туруктуу максатыбыз жок болот. Ал эми бюджет жасоодо реалдуу максат-план коюу аябай маанилүү. Эгер план коё албасаңыз алдыга койгон максатыңызга качан жетериңизди билбейсиз. Алсак, реалдуу максатыңыз үй сатып алуу болсо, план жазуу менен ай сайын таза кирешеңизди эсептей аласыз. Бул канча убакытта үй сатып алууга болорун анализдегенге мүмкүнчүлүк түзөт.
Мисалы, жолдошум экөөбүз жаңы бюджет жасап баштаганда үй сатып алалы дегенбиз. Алсак, бир бөлмөлүү батир 20 миң доллар дейли. Аны алыш үчүн айына канча таза кирешебиз болот, канча убакытта ал сумманы топтой алабыз деген планыбыз болгону үчүн үй сатып алууга, жашообузду кыялыбыздай курганга жардам берди.
Кирешелерди эсептөө
– Бюджет жасоодогу экинчи тепкич – кирешелерди эсептөө. Потенциалдуу түрдө ай сайын (мисалы, январда) канча кирешеңиз болорун жазыңыз. Ал сиздин айлыгыңыз же башка кирешелер дагы болушу мүмкүн. Аларды тизмелеп жазып алганыңыз оң. Мисалы, 20 миң сом айлык алсаңыз аны бөлүштүрүңүз.
Андан кийин калган сумма сиздин таза кирешеңиз болот.
Чыгашалардын түрлөрүн аныктоо
– Чыгашалардын үч негизги категорияга бөлүп алганыбыз абдан маанилүү. Алар:
* Туруктуу чыгашалар (мисалы, үйүңүздү ипотекага алган болсоңуз. Ай сайын банкка ипотека төлөйсүз. Же батир акысы. Коммуналдык кызматтарга төлөм) өзүнчө категория кылып жазып алганыңыз маанилүү.
* Өзгөртүүгө мүмкүн чыгашаларды (буга тамак-аш, косметика, кир жуучу каражаттар, кийим-кече ж.б) бөлөк жазуу керек.
* сезондук чыгашаларды (тойлор, шеринелер, концерт, саякат ж.б) өзүнчө группага бөлгөн туура. Бул дайыма эмес ар кайсы убакытта боло турчу чыгымдар десек болот.
Бул категориялар аркылуу кийинки айда кайсы бир чыгашаларды өзгөртүүнү кааласаңыз, тизмени карап азайтууга мүмкүн болгон чыгашаларды көрө аласыз.
Айта кетсем, январь айындагы чыгашаларды декабрдагы чыгымдарга салыштырып жазса болот.
Чыгашаларды категорияларга бөлүп чыгуу
– Төртүнчү тепкичте – декабрда короткон сумма менен январь айындагы болжолдуу түрдө жазылган чыгашаларды кароо. Мисалы, сезондук деп бөлгөн категорияда 10 миң сом сарпталды деп ойлоп жатасыз. Аны деталдуу түрдө бөлүп карап чыксаңыз болот.
Жума же ай сайын бюджетти текшерип туруу
– Дептерге жазылган бюджетиңизди жума сайын карап, анализ жасаңыз. Бул айдын аягында сиз күткөн бюджет менен реалдуу бюджетти салыштырып алганга мүмкүнчүлүк түзөт.
"Кокус керек болуп калса" деп каражат бөлүү
– Биз кокус керек болуп калса деген күндөргө көп акча бөлбөйбүз. Бизде, кыргыздарда, андай нерсе жок. Бирок башка өлкөлөрдө бар. Мисалы, Канадада кокус иштебей калсам колдоном деп ай сайын акча чогултуп коюп турушат. Ал эми жаңы бюджет жасап жатканда чыгашаларды бөлгөн 3 категорияга кошумча төртүнчү кылып, "жакшы күнгө" деп бөлүп акча чогултуп койсоңуз болот.
Ай акырында бюджетти кайра текшерүү
– Айдын аягында жазган бюджетиңиз менен реалдуу бюджетиңизди салыштырып көрүңүз. Алсак, 31-январга келгенде сиздин эки чөнтөгүңүздүн сүрөтү эки баракта болот. Биринчиси, бюджетиңиз, экинчиси, реалдуу киреше, чыгашаларыңыз.