Өлкөдө дагы 9 айылдын аталышы өзгөртүлдү (тизме)

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 21-январда "Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Ага ылайык, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Таштак айылы Малкалды,

Ноокен районунун Параканда айылы Баракелде,

Нарын облусунун Кочкор районунун Большевик айылы Баялы Исакеев,

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ынтымак айылы Шадыкан,

Манас районунун Новодонецк айылы Айтматов,

Талас районунун Козучак айылы Жанкороз олуя,

Балбал айылын Жаныбек баатыр,

Чүй облусунун Москва районунун Чоң-Арык айылы Сыйдалы,

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенка айылы Ак-Суу айылы деп кайра аталат.

Министрлер кабинети демилгелеген мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 5-декабрында кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан