Эрдоган Карталкая лыжа базасындагы трагедияга күнөөлүүлөр жоопко тартыларын айтты

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 21-январда Болу провинциясында Карталкая лыжа базасындагы трагедияга күнөөлүүлөр жоопко тартыларын айтты. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышты.

Эрдоган лыжа базадагы өрткө байланыштуу бир күндүк аза күтүү жарыялады. Каргашага байланыштуу 22-январда өлкөдөгү жана чет элдик өкүлчүлүктөрдөгү желектер түшүрүлөт.

"Азыр саясаттын эмес, биримдиктин, колдоонун мезгили. Биз бардыгын, анын ичинде саясатчыларды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн жарандарыбыздын кайгысын урматтоого чакырабыз", - деди ал.

Соңку маалыматтарга ылайык, өрттүн кесепетинен кеминде 66 адам каза болуп, 51 киши жараат алды. Тилсиз жоонун келип чыгуу себептери азырынча белгисиз, өкмөт аны иликтөө үчүн 6 прокурор дайындаган. Тергөө иштеринин алкагында мейманкананын ээси менен кошо 4 адам кармалды. Сот окуяны иликтөө үчүн далилдерди чогултууну камсыз кылуу зарылдыгын шылтоолоп, кырсык болгон аймакта телеканалдардын иштешине тыюу салды.

Карталкая лыжа базасы кышкы эс алуу үчүн популярдуу жер. Болу шаарынан болжол менен 40, ал эми Стамбулдан 270 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан