Дмитрий Полянский / Сүрөт: Reuters
Орусия АКШ президенти Дональд Трамптын Украинадагы согушту токтотуу боюнча "келишим" жөнүндөгү көз карашы тууралуу түшүндүрмөсүн күтүп жатат. Бул тууралуу Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн орун басары Дмитрий Полянский Трамптын Москвага каршы тарифтерди жана санкцияларды киргизүү боюнча коркутууларына жооп катары билдирди.
"Бул жерде кеп согушту токтотуу жөнүндө гана эмес. Биринчиден, бул украин кризисинин түпкү себептерин жоюу маселеси. Биз "келишим" президент Трамп үчүн эмнени билдирерин түшүнүшүбүз керек. Ал (Трамп) АКШнын 2014-жылдан бери Украинада кылып жаткандары үчүн, ошондой эле аны (Украинаны) “антиорусиялык” кылып, биз менен согушууга даярдап жатканы үчүн жооптуу эмес. Бирок азыр бул зыяндуу саясатты токтотуу анын колунда", - деди Полянский Рейтер агенттигине.
Буга чейин Трамп Орусияга каршы катаал билдирүү жасап, орус президенти Владимир Путинди Украинадагы согушту токтоосуз токтотууга чакырып, эгер баш тартса экономикалык катаал чаралар көрүлөөрүн билдирген.