АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путинди Украинадагы согушту токтоосуз токтотууга чакырып, эгер баш тартса экономикалык катаал чаралар көрүлөрүн билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Truth Social социалдык тармагына жазды.
"Мен Орусияга зыян тийгизгим келбейт. Мен орус элин жакшы көрөм жана президент Путин менен ар дайым абдан жакшы мамиледе болчумун... Биз Орусия Экинчи Дүйнөлүк согушта жеңишке жетишүүбүзгө жардам берип, анын жүрүшүндө дээрлик 60 миллион адамдын өмүрү кыйылганын эч качан унутпашыбыз керек. Мунун баарын эске алып, мен экономикасы кыйроого учурап жаткан Орусияга жана президент Путинге абдан чоң жакшылык кылайын деп жатам. Азыр тынчып, бул күлкүлүү согушту токтоткула! Антпесе мындан да жаман болот”, - деп жазды Трамп.
Сүйлөшүүдөн баш тарткан учурда АКШ президенти Орусия саткан бардык товарга жогорку салыктарды жана санкцияларды саларын убада кылды.
"Жакынкы аралыкта "макулдашууга" жетпесек, Орусия АКШга жана башка өлкөлөргө саткан товарга чоң салык, санкцияларды салуудан башка аргам жок калат. Мен президент болсом бул согуш башталмак эмес, эми ага чекит коёлу. Биз муну оңой же татаал жол менен ишке ашырсак болот. Жеңил жол дайыма жакшыраак. "Макулдашууга жетчү" убакыт келди!" - деп баса белгиледи Трамп.
Бир күн мурун Трамп Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн жарыялап, Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Путин менен сүйлөшөрүн кошумчалаган. Шайлоо өнөктүгү маалында америкалык лидер жаңжалды кызматка киришери менен 24 сааттын ичинде токтотууну убада кылган. Шайлангандан кийин 100 күндүн ичинде чечүүгө ниеттенип жатканын айткан.
АКШнын 47-президенти Дональд Трамп 20-январда ант берип, кызматка расмий киришти.