"Баканы жаныбар дейт". Исхак Масалиев баңгизат мыйзамындагы түшүнүктүн чечмеленишине кызыкты

Бүгүн, 23-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев баңгизаты бар тирүү организм деген түшүнүккө кызыкты.

Жыйында баңгизатын жарнама кылгандарга жазаны катаалдаштыруу боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жаткан. Анда эл өкүлү мыйзамда жапайы өсүмдүктөрдүн орудуна тирүү организм деген түшүнүк киргенин айтып, баңгизаты бар тирүү организмдер кандай болорун сурады.

Мыйзамдын демилгечиси, депутат Медер Алиев бака дагы баңгизатка кирерин айтты.

"Дүйнөдө эң күлкүлүү 100 мыйзам деген бар. Анын арасында АКШнын бир штатында жаштарга бака менен өбүшүүгө болбойт деген мыйзам бар. Жөнөкөй адам Американын парламенти акылынан айныганбы деп ойлойт. А чынында ошол штатта жашаган бака наркотикалык уулуу заттарды чыгарат экен. Мектеп окуучулары, студенттер ошондой ыкмага барышат экен. Тирүү организм деген түшүнүккө өсүмдүктөр гана эмес, кайсы бир уулуу зат чыгарган жаныбарлар дагы кирет.

Эми мындан ары жаштарыбыз ошол бака менен өбүшпөйт да, туурабы? Өбүшсө милиция камап коёт. Негизи мен мыйзамга каршы эмесмин, бирок жазганда эки жакты караш керек да. Жапайы өсүмдүк дегенде эле баары жетиштүү да. Ага кара куурай жана башкалар кирет. Ал эми баканы жаныбар дейт, аны тирүү организм дебейт", - деди Масалиев.

Эске салсак, аталган мыйзам долбоору 19-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында биринчи окууда колдоо тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан