Бүгүн, 23-январда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Бакытбек Жетигенов дайындалды. Ал бул күнгө чейин Ош шаарынын мэри кызматын аркалап келген.
Тиешелүү тескемелерге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Бакытбек Жетигенов 1966-жылы 30-майда Чүй облусунун Чүй районундагы Сайлык айылында төрөлгөн.
1984-1986-жылдары армияда кызмат өтөгөн.