Мамлекеттик цирктин директору Светлана Аширова кызматынан бошотулду

Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик циркинин башкы директору Светлана Аширова келишимдин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.

Мындан бир нече күн мурда цирктин кызматкерлери Ашированын ишмердигине байланыштуу нааразычылыгын билдирген. Бул боюнча Маданият министрлиги атайын комиссия түзүлгөнүн билдирген. Комиссия бардык арыз-сунуштарды карап чыгып, анын жыйынтыгы менен тийиштүү чара көрүлөрү айтылган.

Аширова циркте көркөм жетекчи болуп жүрүп, былтыр 23-октябрда директорлукка дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан