Байсалов Ысык-Көл облусунун жаңы жетекчисин жамаатка тааныштырып, бир катар тапшырмаларды берди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бүгүн, 24-январда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жамаатына жаңы жетекчи Бакытбек Жетигеновду тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Анда Байсалов жаңы өкүлдүн алдыда аткара турган милдеттери катары облуска инвестиция тартуу, жаңы жумуш орундарын түзүү, инфраструктураны өнүктүрүү жана модернизациялоо, ошондой эле Ысык-Көл облусунун туруктуу социалдык-экономикалык өсүшүн камсыз кылуу маселелерин тизмектеди.

Өкмөт башчынын орун басары Жетигеновго алдыга койгон максаттарына ийгилик каалап, анын кесипкөйлүгүнө ишенерин билдирди.

Бакытбек Жетигенов президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп кечээ дайындалган. Ал ага чейин Ош шаарынын мэри кызматын аркалап келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан