Түрк маданияты жана мурасы фондунун Баку шаарындагы штаб-квартирасында 23-24-январда кеңештин жыйынына даярдык көрүү максатында жыйын болуп өттү. Бул тууралуу аталган уюмдан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, жыйынга Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Түркиянын Тышкы иштер жана Маданият министрликтеринин өкүлдөрү, уюмдун кызматкерлери катышты.
Алгач фонддун президенти Актоты Раимкулова конокторду куттуктап, фонддун 2024-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берди. Ал Фонд тарабынан 74төн ашык долбоор жана иш-чаралар ишке ашырылганын белгиледи.
“Жыйындын күн тартибинде түрк элдеринин маданий мурастарын сактоо багытында кызматташууну кеңейтүү маселелери каралды. Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана фонддун кызматкерлери уюмдун ченемдик документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча талкууларды өткөрүштү. Фонддун 2025-2026-жылдарга карата иш пландарына киргизилген түрк дүйнөсүнүн бай мурастарын таанытууга, коргоого жана калыбына келтирүүгө багытталган долбоорлор боюнча кеңири талкуулар болду” – деп айтылат маалыматта.
Раимкулова бир катар маанилүү долбоорлорду белгиледи: Астанада өткөн саммиттин алкагында Алыкул Осмоновдун Бишкектеги үй-музейин реставрациялоону жана реконструкциялоону аяктоо, “Түркия маданий мурастарынын каталогун даярдоо. "Түрк дүйнөсү 2040ка карай" документи жана TURKTIME демилгеси, Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын колдоо, Стамбулда түрк маданий мурастарын башкаруу жаатындагы эксперттер арасында тажрыйба жана билим алмашуу программасы, "Түрк дүйнөсүнүн белгилүү инсандары", "Түрк адабиятынын зергерлери", "Түрк дүйнөсүнүн илимий казыналары" аттуу китеп сериясынын басылышы, "Дивани Лугат ат-Түрк" Түрк дүйнөсүнүн көрүнүктүү окумуштуусу Махмуд Кашгари тарабынан жазылган энциклопедиялык сөздүгүнүн 950 жылдыгына арналган эл аралык илимий конференцияны ЮНЕСКОнун Париждеги баш кеңсесинде өткөрүү.
Белгилей кетсек, бул жылы фонддун кеңешине Казакстан төрагалык кылат жана кеңештин 2-жыйыны 7-февралда Астана шаарында өтүп, анда уюштуруучу өлкөлөрдүн маданият министрлери катышат.