Ички иштер министрлиги Нарын облусунун Кочкор районундагы мыкаачылык менен жасалган каракчылык фактысы боюнча кошумча маалымат берди.
Ага ылайык, шектүү 1982-жылы туулган К.У. аттуу Нарын облусунун тургуну "Манас" эл аралык аэропортунан чет өлкөгө учуп кетүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
"22-январда К.У. Бишкек шаарына өзүнүн унаасы менен келип, Токтогул-Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан банктардын бирине барып, өзүнө MBank картасын ачтырып, ага абоненттик номерин байлап, 450 миң сомго толуктаган. Андан соң анын ичинен кызына 190 миң сом жана жубайына 150 миң сом которгондугу аныкталган", - деп айтылат маалыматта.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.
Эске салсак, ИИМ кечээ, 25-январда шектүү кармалганын билдирген.
Милицияга арыз ээси 7-январда кайрылган. Жабырлануучу ошол эле түнү саат 02:00 чамасында үйүнө бет кап кийген белгисиз адамдар кирип келип, уул-келинин арматура менен жаткыра чаап, 500 миң сом салынган темир сейфти алып, качып кеткендигин айткан.