"Арматура менен башка чаап..." Нарында үй ээлерин мыкаачылык менен карактоого шектүү кармалды

Нарын облусунда каракчылык фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-январда Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө Дөң-Алыш айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал ошол эле түнү саат 02:00 чамасында үйүнө бет кап кийген белгисиз адамдар кирип келип, уул-келинин арматура менен жаткыра чаап, 500 миң сом салынган темир сейфти алып, качып кеткендигин билдирген. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1982-жылы туулган К.У. аттуу Нарын облусунун тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тинтүү учурунда шектүүдөн далил буюмдар алынган. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

Жабыркагандардын атасы уул-келинине Бишкекте операция жасалганын жергиликтүү ЖМКларга билдирген.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан