“Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркындагы асма жолдун курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.
Туманбаев бул долбоор экотуризмди өнүктүрүү жана өлкөнүн инфраструктурасын жакшыртуу үчүн маанилүү экенин белгиледи.
Маалымдалгандай, асма жол инвесторлордун эсебинен курулат. Долбоордун биринчи этабында 1 чакырым жерге куруу пландалып, 10 миллион евро каралган. Курулуш ишин ушул жылдын күз айларында бүтүрүү мерчемделип, австриялык инвесторлор тарабынан ишке ашырылат. Ал эми долбоордун экинчи этабында 23 чакырым жерге куруу мерчемделүүдө.
Мындан тышкары паркта туристтер үчүн бир нече мейманканалар курулат. Ошондой эле жаратылыш паркка унаалардын кирүүсү чектелет. Коноктор үчүн азыркы учурда 2000 орундуу унаа токтотуучу жай курулууда. Парктын аймагында жүрүү үчүн электромобилдер колдонулат.