"Кыргыз индустриянын" мурдагы жетекчиси Абдураимов эки айга камалды

"Кыргыз индустрия" ААКсынын мурдагы жетекчиси Жарасул Абдураимов жана анын орун басары Б.Б. 24-мартка чейин камакка алынды. Бул туурасында калаанын Биринчи май райондук сотунан бүгүн, 27-январда билдирди.

Соттон тактагандай, аларды камакта калтыруу өтүнүчүн УКМКнын тергөөчүсү келтирген. Райондук сот 25-январда өтүнүчтү канааттандырып, шектүүлөрдү 24-мартка чейин камакта калтырган.

Айта кетсек, 25-январда "Кыргыз индустрия" ААКсынын мурдагы жетекчиси жана анын орун басары коррупция фактысына шектелип кармалган болчу. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланып жаткан. Ошондой эле Абдураимовдун кызматтан алынганы кабарланган.

Жарасул Абдураимов 2022-жылдын январь айында "Кыргыз индустрияга" президент болуп дайындалган.

2023-жылдын 28-декабрында президент Садыр Жапаров Жарасул Абдураимовго “Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер” ардактуу наамын ыйгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан