"Кыргыз индустрия" ишканасынын мурдагы жетекчиси Жарасул Абдураимов кармалды 

"Кыргыз индустрия" ААКнын мурдагы жетекчиси жана анын орун басары коррупция фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда УКМКдан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 24-январда "Кыргыз индустрия" ААКнын жооптуу кызмат адамдарына карата коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишин козгоо Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн, ага ишкананын ишмердигин комплекстүү текшерүүнүн материалдары негиз болгон.

"Кыргыз индустрия" ААКнын айрым кызмат адамдары жеке кызыкчылыктарын көздөп, туунду компаниялар аркылуу бюджеттик каражаттарды ыйгарып алуу жана коротуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы түзүшкөн. Ишканага 2022-2024-жылдар аралыгында бюджеттен 2,3 миллиард сом бөлүнгөн. Ошол аралыкта "Кыргыз индустрия" тарабынан 40тан ашык чыгашалуу ишканалар түзүлгөн жана каржыланган, аларга бөлүнгөн финансылык салымдар кайтарылгыс болуп калган.

Компаниянын түзүмүндө жетекчилик кызматтардын негизсиз көп саны каралып (75 кызматкердин ичинен 33ү жетекчи), аларга эмгек акылары жогору болгон туугандары, достору жана жакын санаалаштары дайындалган. Жетекчилик жана аларга өзгөчө жакын кызматкерлер бир эле мезгилде "Кыргыз индустрия" ААКда жана туунду компанияларда кызмат орундарын ээлеп, эмгек акы алышкан", - деп айтылат маалыматта.

Натыйжада "Кыргыз индустрия" ААКнын мурдагы жетекчиси А.Ж. жана анын орун басары Б.Б. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан