Түштүк Кореянын президентине прокуратура тарабынан расмий айып тагылды

Түштүк Кореянын прокуратурасы тарабынан президент Юн Сок Ёлго расмий козголоңчу айыбы тагылды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, Юн камактагы мурдагы коргоо министри Ким Ён Хен жана башкалар менен келишим түзүп, конституцияга каршы жана мыйзамсыз аскердик абалды жарыялаган деп айыпталууда.

Белгилей кетсек, 3-декабрда Түштүк Кореянын президенти өлкөдө аскердик абал жарыялагандан кийин Сеулда башаламандык башталган. Көп өтпөй депутаттар аскердик абалды алып салууга добуш беришкен. Ал 15-январда экинчи ирет суракка жеткирилген.

Болуп өткөн окуядан кийин депутаттар Юн Сок Ёлдун аскердик абалды жарыялоосуна байланыштуу айыптарды иликтөө үчүн атайын прокурорду талап кылган мыйзам долбоорун кабыл алган. Буга улай парламент өлкө башчысына импичмент жарыялоо маселесин кайра карап жактырган. Мындан улам Ёл 2 жолу суракка чакыртылып, ал баруудан баш тартканы маалым. Ёл суракка келбей койгонуна байланыштуу Коррупцияга каршы тергөө башкармалыгынын башчысы президентти камоого ордер чыгаруу үчүн арыз менен кайрылууну караштырып жатканын билдирген. Жыл аягында Түштүк Кореянын соту Юн Сок Ёлду камакка алууга ордер берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан