Сеул прокуратурасы Түштүк Кореянын мурдагы Коргоо министри Ким Ён Хёнди президент Юн Сок Ёлдун кыска мөөнөттүү аскердик абалды жарыялоосунан кийин, мамлекетке чыккынчылык кылган деген айып менен камакка алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлады.
Маалымдалгандай, экс-министр борбор калаанын чыгышындагы убактылуу кармоочу жайга жөнөтүлгөн.
Белгилей кетсек, өлкөнүн мурдагы Коргоо министри аскердик абал жоюлгандан кийин коомчулуктан кечирим сурап, кызматынан кеткен. Ал мамлекет башчысына өлкөгө аскердик абалды жарыялоону сунуштаганын ырастаган.