Бишкек шаарында "жалган террорист" кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда шаардык милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-январда саат 17:34 чамасында, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын 102 кызматына "Азия молл" соода борборуна бомба коюлганы тууралуу билдирүү түшкөн.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси (Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2007-жылы туулган М.А. аттуу өспүрүм кармалып, ата-энесинин көзөмөлүнө өткөрүп берүү баш коргоо чарасы колдонулган. Учурда тергөө иштери улантылууда.
Милиция даярдалып жаткан жардыруу жөнүндө атайылап жалган билдирүү бергендиги үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине (Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо) ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын жана 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратыларын эскертет.
Эске салсак, 25-январда "Азия молл" соода борборунун имаратына бомба коюлганы тууралуу билдирүүдөн улам андагы эл эвакуацияланган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, аймакта жардыргыч заттар табылган эмес.