Бишкектеги "Азия Молл" соода борборундагы эл эвакуацияланууда. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 17:34тө милицияга Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан "Азия Молл" соода жана оюн-зоок борборунун имаратына бомба коюлганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Жерге ыкчам-тергөө тобу жана Ленин РИИБинин жетекчилиги дароо жөнөп кетишкен.
Коопсуздукту камсыздоо жана жарандарды эвакуациялоо максатында имараттын аймагы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынган. Тиешелүү издөө жана тактоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.