Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын жаңы лидери Дональд Трамптын сүйлөшүүлөрү Түркияда пландалган деген маалыматтар жөн гана имиш. Бул туурасында түрк президенттик администрациясынын өкүлү билдиргенин РИА Новости жазды.
"Бул имиш. Датасы жана орду тууралуу так маалымат жок", - деген булак. Бул боюнча азырынча Анкара расмий комментарий бере элек.
Буга чейин бир катар түрк басылмалары эксперттердин пикирине таянып, Орусия менен АКШнын лидерлеринин Стамбулда, Катарда жана бир катар башка өлкөлөрдө пландалган сүйлөшүүлөрү тууралуу жазып чыгышкан.
Белгилей кетсек, Трамп Украинадагы согушту токтотуу маселесинде Путин менен жолугушууну пландап жатканын айтып келет. Өз кезегинде Кремль Трамптын диалог жүргүзүү каалоосун кубаттай турганын билдирген. Эки өлкө башчынын жолугушуусун өткөрүп берүүгө Швейцария даяр экенин жарыялаган.