"Үмүт бар болчу". Айкөл Аликжанова Дикий Армандын 20 жылга кесилиши боюнча үн катты

Актриса Айкөл Аликжанова өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу казакстандык жолдошу Дикий Арман деген каймана ат менен белгилүү кримтөбөл Арман Жумагелдиевдин 20 жылга соттолушу боюнча билдирүү жасады.

"Мен ушундай өкүм чыгарын күткөн элем, дагы бир жолу ынандым... Бирок үмүт бар болчу. Анын да, менин да көңүлүбүз чөгүп кетпегендигин баарыңар билсин деп жазып жатам. 20 жыл деген эмне?" - деп жазды ал.

Ошондой эле Аликжанова жолдошу менен акыркы жолу жолукканда ага ал жашагысы келбей калганын айтканын, бирок кызын турмушка узатууну сүйлөшкөндө жашоого үмүтү жанганын белгилеген.

Эске салсак, кечээ, 27-январда Казакстанда сот 2022-жылдагы кандуу Январь окуялары боюнча Арман Жумагелдиевди кылмыштуу топ түзүп, аны жетектеген, башаламандык уюштурган жана адам уурдаган деген айыптар менен 20 жылга кести.

Модель жана актриса Айкөл Аликжанова 1990-жылы 30-августта Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында төрөлгөн. "Мисс Кыргызстан-2014" сулуулар сынагынын жеңүүчүсү. Анын Жумагелдиевге турмушка чыкканы 2022-жылдын Январь окуяларынан кийин белгилүү болгон. Алар 2021-жылдын ноябрь айында кыздуу болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан