Коңшу Казакстандын соту 2022-жылдын январь окуясы боюнча "Дикий Арман" деген каймана ат менен белгилүү Арман Жумагелдиевге өкүм чыгарды.
Бардык соттук отурумдар жана өкүмдөр жабык эшик артында өткөн. Соттук отурум бүгүн, 27-январда саат 10:00гө белгиленген. ЖМК өкүлдөрүнө сот залына онлайн режиминде байкоо жүргүзүүгө уруксат берилди.
Соттун өкүмү менен Жумагелдиев уюшкан кылмыштуу топ түзүү жана жетектөө, бандитизм, массалык баш аламандык уюштуруу, адам уурдоо жана мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу боюнча күнөөлүү деп табылды. Сот "Дикий Арманды" 20 жылга эркинен ажыратты.
2022-жылы 2-январда суюлтулган газдын кескин кымбаттап кетишине байланыштуу Казакстанда тынчтык митингдери башталган. Ал массалык башаламандыкка айланып, талап-тоноолор менен коштолгон.
Расмий маалыматка караганда, кандуу тополоңдо кеминде 238 киши набыт болгон.