Бүгүн, 28-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын маалыматын укту.
Анда депутат Жанар Акаев кыргыз тилинде сүйлөөгө мажбурлоого болбой турганын айтты.
"Акыл-эс менен иш кылганыбыз туура деп эсептейм. Биз кыргызча сүйлөй албагандардын баарын "сен эмнеге кыргызча сүйлөбөйсүң?" деп жээрип, зекип, агрессивдүү ыкма менен үйрөтө албайбыз. Алгач өзүбүз үлгү болуп, анан кыргыз тилинде сүйлөөгө чакырсак туура болот деп ойлойм.
Кээде шаардык мэриянын айрым аракеттерин көрүп калам. Мисалы, бир кафеде Bellagio деп турса, ошону дагы кыргызчала деп талап кылгандар бар. Bellagio дегенди кантип которосуң? Ишкерликке анчалык тоскоолдук кылганыбыз болбойт. Аң-сезим менен карашыбыз керек", - деди Акаев.
Эске салсак, 2023-жылдын октябрь айында ошол кездеги Бишкектин вице-мэри, учурдагы Мамкурулуштун жетекчиси Нурдан Орунтаев борбор калаадагы Bellagio ресторанынын сыртындагы жазуусун алдырып салган. Ал бардык көрнөк-жарнактар латын тамгасы менен эмес, кириллица менен жазылышы керектигин белгилеп, "Белладжо" деп жазууну сунуштаган.