"Кыргызча болушу керек". Орунтаев Bellagio ресторанынын жазуусун алдырды

Бишкекте кыргыз тилинде жазылбаган көнөк-жарнактар демонтаждалууда. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Бишкек мэринин орун басары Нурдан Орунтаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, бардык көрнөк-жарнактар латын тамга менен эмес, кириллица менен жазылышы керек.

"Кудай берген кыргыз тилинде жана кириллица тамгасы менен жазып койсо болбойбу?! Жакшынакай кылып "Белладжо" деп. Өзүбүздүн тилибизди жана тамгаларыбызды сыйлайлы! Бренд кылгыбыз келсе "Кыргызпатент" деген бар, ошол жакка барып патентин алып, тийиштүү иш кагаздарын алып иштеш керек, туугандар", - деп жазган Орунтаев.

Ошондой эле ал мындан ары латын тамга менен жазылган көрнөк-жарнактардын баары алына тургандыгын SUPER.KG порталына билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Uri24
2023-10-31 14:59:00
Аптекага кирсең дары дармектерде орусча, англисчы, кытайча жазылган. Бир буюм сатып алсан баары англисче. Авто унаа сатып алсан ичинде баары англисче. Телефонду карасан элдин кобу орусча угушат, себеби керектуу, кызыктуу маалымат кыргыз тилинде жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан