Жогорку Кеңештин депутаттары Замирбек Мамасадыков менен Шайырбек Ташиев жамандык–жакшылыктарды уюштуруу тартибин жөнгө салган мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Аталган документ 27-январда коомдук талкууга коюлду.
Демилгечилер мыйзам кабыл алынса той-аш өткөрүүдө элдин арасындагы атаандаштыкты жана ысырапкорчулукту чектейт деп эсептешет. Алардын айтымында, жамандык-жакшылыктарда каржылык абалына карабастан куру намыс үчүн насыя алгандар арбын.
Долбоордо маркумду узатууда катышуучулардын саны чектелбестиги көрсөтүлгөн. Бирок мал союлбайт. Үч күндөн кийин куран окутуп, бир жылкы же бодо мал союуга уруксат берилет. Ал эми маркумга үчүлүк, жетилик, кыркылык жана жылдыгын өткөрүүгө тыюу салынат.
Ошондой эле мыйзамда тойлорду өткөрүүнүн эрежелери дагы каралып, бир бодо мал же бир жылкы союуга уруксат берилет. Үйлөнүү тойго 250дөн ашпаган конок чакырылса, кыз узатуу салтанатына 100дөн ашпаган адам катышат. Эгерде үйлөнүү той менен кыз узатуу бирге өткөрүлсө, коноктордун саны 350дөн ашпашы керек. Үйлөнүүгө байланышкан салтанатка катышкан унаанын саны 3төн ашпашы керек жана кийит кийгизүү, себет берүү, түштөндүрүү сыяктуу кошумча үрп-адаттарга тыюу салынат.
Мындан тышкары ажылыкка, умра зыяратына баргандарды узатуу жана тосуп алууга тыюу салынат. Бул ырасымдар үй-бүлөлүк чөйрөдө гана өткөрүлүшү мүмкүн.
Мыйзамдагы көрсөтүлгөн эрежелерди бузгандарга айып пул салынат. Анда той ээсине 300 миң сом, тойкананын ээсине 100 миң сом, сөөк коюу жана аза күтүүнү өткөргөндөргө 200 миң сом айып каралган.
Эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө үчүн жергиликтүү жана аймактык комиссиялар түзүлөт. Алар коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө, жайылтууга жана талаш-тартыш маселелерди чечүүгө милдетүү болот.