Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда президенттин администрациясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.
Эске салсак, Кутнаева аталган кызматка 2023-жылдын сентябрь айында дайындалган.