Бүгүн, 13-сентябрда президенттин дагы бир жарлыгы менен Нурия Кутнаева мурда жүктөлгөн милдетин аткаруудан бошотулуп, Кыргызстандын санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Анын талапкерлиги парламенттин бүгүнкү жыйынында каралып, депутаттар ага макулдугун берген.
Кутнаева жаңы кызматка дайындалганга чейин "Түндүк" мамлекеттик ишканасынын жана Жеке маалыматтарды коргоо агенттигинин жетекчиси болуп иштеген.