Өлкөнүн Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Facebook баракчасы аркылуу Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиевдин жемкорлукка айыптаган дооматына жооп берди.
Текебаев Германия жарандары Кыргызстанда 60 күн визасыз жүрө аларын эске салып, алар элчиликке дээрлик кайрылбастыгын айтты. Ошондой эле алар узак мөөнөттүү виза алуу үчүн дагы элчиликке келбей турганын кошумчалады. Анткени Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тарабынан "Электрондук виза" порталы ачылганын белгилеп, алар виза алуу үчүн документтерин онлайн тапшырарын билдирди. Элчи бул жерде жүзмө-жүз көрүшпөгөндөн кийин коррупциялык иштер орун алышы мүмкүн эмес дейт.
"Эгер документтери так, толук болсо токтоосуз виза алат. Толук болбой калса, анда ал экинчи жолу кайра тапшырууга укуктуу. Ар бир кайрылганда ал консулдук кызмат акыны 50 доллардан төлөп турушу керек. Бул коррупция эмес, мыйзамда көрсөтүлгөн кызмат акы", - деди ал.
Текебаев депутаттын сөзүнөн кийин элчиликтин кызматкерлери архивдерди карап, тактап чыкканын кошумчалаган.
Белгилей кетсек, германиялыктардын виза алуу багыты боюнча депутат белгилеген маселеси тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да билдирүү калтырган. Анда немис жарандарынын электрондук визага тапшырганы такталганы айтылган.
Эске салсак, кечээ, 29-январдагы парламент жыйынында депутат Малиев Текебаев жетектеген өлкөнүн Германиядагы элчилигин виза берүүдө коррупциялык иштерге барып жатат деп айыптаган.