Балбак Түлөбаев Азамат Жамангуловду этияттап сүйлөөгө чакырды (видео)

Бүгүн, 30-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев бардык мамлекеттик банктар эбегейсиз күчү жана мүмкүнчүлүктөрү бар болсо да, коммерциялык банктардай жакшы иштей албай жатканын белгиледи.

"Элдин баары азыр Мбанк колдонот. Мбанк азамат! Бул улуттук чоң долбоор да. А бизде мамлекеттик 5 банк бар, бардык күчүңөр бар, жалгыз Мбанктай боло албай койдуңар", - деди Түлөбаев.

Ага санариптик өнүктүрүү министри кызматына талапкер Азамат Жамангулов каржы рыногун монополизациялоого жол бербөө керек деген пикирге кошула турганын билдирди.

"Мамлекеттик банктардын ишинде кемчиликтер бар дегенге кошулам. Бизде бул багытта иштөө тажрыйбабыз бар", - деди ал.

Депутат Жамагуловго сүйлөп жаткан сөзүндө этият болууга чакырды.

"Сиз жакында Министрлер кабинетинин мүчөсү болосуз. Сиздин тил менен айтканда, оозуңуздан "каржы рыногун монополизациялоо" деген кооптуу сөздөр чыгып жатат. Анда эмне өнүгүп келаткан жеке бизнестерди өлтүрөбүзбү? Сиз антип сүйлөбөшүңүз керек. Сиздин чечимдериңизден элдин тагдыры чечилет", - деди эл өкүлү.

Өз кезегинде төрага Нурланбек Турсунбек уулу да Жамангуловду бул билдирүүсү үчүн сынга алып, мындан тышкары ал кыргыз тилинде жооп бербей жатканына нааразычылыгын билдирди.

Жогорку Кеңеш 30.01.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан