Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу санариптик өнүктүрүү министри кызматына талапкер Азамат Жамангуловду сынга алды.
Төрага анын кыргыз тилинде сүйлөбөй жатканына нааразы болду.
"Сиз бир дагы жолу санариптештирүү деп айткан жоксуз. Жалаң "цифровизация, цифровизация". А сиз бараткан министрлик Санариптештирүү деп аталат. Жок дегенде министрликтин атын кыргызча айтпайсызбы. Анан кыргызча сүйлөп жатканда жарымынан көбүн орусча сүйлөп, тилди кордоп жатасыз. Мурдагы министр да ушунун айынан көп сындарга кабылган. Эми тилди бузуп сүйлөө мода эмес да. Бул акылдуулук эмес да, тескерисинче, акылсыздык болуп жатпайбы", - деди Тургунбек уулу.