Башкы прокуратура Баткендеги СИЗОдо 2022-жылдын жазында зордукталганын айтып чыккан блогер Батмакан Жолболдуеванын билдирүүсүн төгүндөдү.
Көзөмөл органы текшерүүдө Жолболдуева 2022-жылдын 28-мартында "Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү" беренеси менен Баткен РИИБинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, 2022-жылдын 13-апрелинде Жалал-Абад шаарындагы №53 мекемесине которулганы, ал эми блогер зордуктады деп айыптаган Н.С. аттуу жаран башка кылмыш иши боюнча 2022-жылдын 28-мартында Кадамжай РИИБинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, 2022-жылдын 8-апрелинде Ош шаарындагы №25 мекемесине которулуп, ошол эле жылдын 2-июнуна чейин камакта отурганы такталганын маалымдады.
"Башкача айтканда, Жолболдуева менен Н.С. бир убакытта эки башка убактылуу кармоочу жайларда камакта отургандыгына байланыштуу бири-бирин көрүүгө мүмкүнчүлүк болбогондугу аныкталган. Мындан сырткары Жолболдуеванын өз колун кесүүсүнө “ага коюлган айыпка макул эместиги” себеп болгондугун 2022-жылдын апрелинде жүргүзүлгөн тергөөгө чейинки аракеттер учурунда билдиргендиги тастыкталды.
Бул факты боюнча өз учурунда ИИМ тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен Баткен РИИБинин жетекчилигинен баштап нөөмөтчү кызматкерге чейин, жалпы 19 кызматкер ар түрдүү тартиптик жоопкерчиликтерге тартылышкан", - деп айтылат маалыматта.
Башкы прокуратура мындан улам Баткен райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгоодон баш тартканын, учурда чечимдин мыйзамдуулугу Баткен облустук прокуратурасы тарабынан каралып жатканын кошумчалады.
Эске салсак, былтыр декабрь айында блогер Батмакан Жолболдуева Фейсбуктагы баракчасы аркылуу 2022-жылдын жазында Баткендеги СИЗОдо зордукталганын айтып чыккан. Ал абакта отурганда түрдүү кысымга кабылганын, жакындары алып келген тамак-ашты, кийим-кечени алып коюшканын билдирген.
"Мени зордуктоо үчүн камактагы эки жаранга салып беришкен. Зордуктоодон кутулуу үчүн мен өзүмө-өзүм кол салып, убактылуу кармоочу жайдан чыгып кеткем. Бирок экспертиза жүргүзүлгөн эмес", - деген ал.
Андан көп өтпөй Баткен облустук милициясы окуя тууралуу маалымат берип, анын айтканы боюнча Баткен ОИИБинин ички иликтөө кызматы кызматтык текшерүүлөрдү жүргүзүп жатканын кабарлаган. Ал эми ИИМ анын билдирүүсүн "элдин көңүлүн өзүнө буруу аракети" катары сыпаттаган.
Батмакан Жолболдуева Баткендеги ашкана-дүкөндөрдүн тазалыгын, товарлардын мөөнөтүн текшерген видеолорду жарыялаган блогер. Ал 2022-жылы мартта камалып, ошол эле жылдын 19-августунда үй камагына чыккан.
ИИМдин маалыматы боюнча блогер 2022-жылы "Акипресс" маалымат агенттигинин журналистин коркутууга алган, ортодогу чырдан улам журналисттин ден соолугу солгундап, ооруканага жеткирилип, тилекке каршы каза тапкан. Окуядан соң Кылмыш-жаза кодексинин "Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү", "Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу", "Документтерди жасалмалоо" жана "Бейбаштык" беренелери менен кылмыш ишин козголгон.
2023-жылдын 22-майында Баткен облустук соту Жолболдуеваны "Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү" жана "Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу" боюнча актаган. "Бейбаштык" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 50 миң сом айыпка жыккан. "Документтерди жасалмалоо" беренеси менен эки жылга эркинен ажыратылып, жаза өтөөдөн бошотуу менен бир жылга пробациялык көзөмөл белгиленген.
Кийин Жолболдуева кайра 2024-жылдын февралында Жалал-Абад шаарындагы "Хурма" кафесинде Жалал-Абад район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун санитардык дарыгерин шантаж кылуу жолу менен 25 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Ага карата "Опузалап талап кылуу" беренеси менен кылмыш козголуп, июнда Жалал-Абад шаардык соту тарабынан күнөөлүү деп табылып, мамлекеттин пайдасына 30 миң сом айып салынган.