Вашингтондогу учак кырсыгынын себептери белгилүү болду 

АКШнын Вашингтон шаарындагы Рональд Рейган аэропортунда жүргүнчү ташыган учактын кырсыкка кабылышынын себеби айтылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя болгон учурда аба кыймылын башкарган кызматкерлер жетиштүү болгон эмес. Анда бир адис бир эле учурда бир нече милдеттерге жооптуу болгон. Мындан улам конууга келе жаткан учактардын кыймылын координациялоо кыйынчылык жараткан.

Федералдык авиация башкармалыгы, диспетчерлердин жетишсиздиги бүткүл республика боюнча актуалдуу маселе экенин белгилеген. Аталган аэропортто кээ бир күндөрү 30 кишинин ордуна 20дай гана адам иштеген учурлар болгон.

Белгилей кетсек, 30-январда АКШнын борбору Вашингтон шаарында учак кырсыгы катталгандыгы айтылган. Жүргүнчү ташыган учак 29-январда жергиликтүү убакыт боюнча саат 21:00дө конуп жатып тик учак менен кагылыша кетип, Рональд Рейган атындагы аэропортко жакын жердеги Потомак дарыясына түшүп кеткендиги белгилүү болгон.

Ал эми кыйраган учактан каза болгон 28 адамдын сөөгү суудан табылып, тирүү калгандарды издөө иши токтотулган. Учакта 60 жүргүнчү жана төрт экипаж мүчөсү болгону айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан